Кыдырмышев Руслан Жаманакович — өмүр баяны

© Sputnik / Данияр СандыбаевПрезидент WEF (World ertaymash Federation) Руслан Кыдырмышев
Президент WEF (World ertaymash Federation) Руслан Кыдырмышев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Руслан Кыдырмышев 1982-жылы 3-ноябрда Бишкек шаарында туулган.

Жаш кезинен тарта спорттун бир нече түрү менен машыккан. Таэквондо боюнча кара курдун ээси, машыктыруучу Мурат Бурхановдун колунда тарбияланган.

Билими:

1989-1999-жылы борбордогу №39 орто мектепте окуган;

1999-2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик башкаруу факультетинде билим алган;

2004-2006-жылы КРдин президентине караштуу Башкаруу академиясынан магистрдик билим алган;

Ишмердүүлүгү:

2006-жылдан тарта ишкерлик менен алектене баштаган;

2010-жылы — "Кыргыз элдик ишмерлер партиясы" саясий партиясын негиздеген ("Кыргызская Народная Рабочая Партия");

2011-жылы — КРдин бразилиялык версиядагы "Вале-тудо" аралаш мушташ федерациясынын вице-президенти;

2014-жылы — Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти (WEF — World Ertaymash Federation — ред.);

2015-жылы — "Жаштар баңгизатка каршы" социалдык долбоорунун негиздөөчүлөрдүн бири;

2016-жылы — "Бакубат келечек" кайрымдуулук фондусун негиздеген;

Сыйлыктары:

2015-жылы — КРдин Баңгизатты көзөмөлдөө кызматы менен тыгыз иштешкендиги үчүн медаль;

2015-жылы "Жылдын меценаты" алтын диплому;

2016-жылы — Ош шаардык мэриясы тарабынан "Федерациянын мыкты жетекчиси" грамотасы менен сыйланган;

2016-жылы — Россиядагы"Кыргыз диаспорасы" коомдук уюму тарабынан Россия жергесинде спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Ардак грамота.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0