00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Мейманкаларга жылдыз берүүнү мамлекет аныктап, тейлөөчү кызматкерлер окутулат. Турситтик тармактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү
19:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Обязательная доля: кому закон присудит наследство вопреки вашей воле - объясняет юрист
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
21:07
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кайгуул милициясы жоюлду. Жаңы башкармалыкта ким иштеп, эмне менен алектенет

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Сапар Исаков Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгын жойду. Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы кызмат эмне ишти аркалап, кандай өзгөчөлүктөргө ээ болорун иликтеп көрдү.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 9-ноябрда эки токтомго кол койду. Биринчи документке ылайык Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүлдү. Ал эми экинчи токтомдо жаңы түзүмдүн штаты кеңейе турганы айтылат. Жаңы кызмат тууралуу суроолорго Кайгуул милициясынын башкы башкармалык штабынын жетекчиси Уткир Умаров айтып берди.

Жаңы башкармалык түзүү зарылдыгы эмнеде?

Былтыр Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул-күзөт кызматтары бириктирилип, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы түзүлгөн. Басым 102 боюнча түшкөн билдирүүлөргө жасалып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселеси көз жаздымда калган.

Кандай өзгөрүү күтүлүп жатат?

Жаңы кызматтын максаты — жол кыймылына көз салуу, бул дээрлик Жол кайгуул кызматынын жанданышы деп түшүнүүгө болот. Мындан улам посттордун турган жерлери жана жол кырсыктары көбүрөөк катталган жерлерге карап экипаждын каттамы өзгөрөт.

102 чакырууларына ким жооп берет?

Бул милдет Кайгуул милициясына Жол күзөт кызматы боюнча келгендерге жүктөлөт. Алар ар кандай тартип бузууларга ыкчам аракет көрмөкчү.

Жаңы башкармалыкка кызматкерлер кандай тартип менен алынат?

Алгач Кайгуул милициясында иштеген кызматкерлерден куралат, бирок кийин конкурстук негизде гана алынат.

Жаңы кызматта иштегендердин айлыгы жогорулайбы?

Жок, маяна көлөмү мурункудай эле калат. Мында кызматкерлерди шыктандыруу максатында айып пулдун айрым бөлүгүн сый акыга жумшоо нормасы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0