БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Салянов жерге берилди. Бул тууралуу Аида Салянованын мурдагы жактоочусу Улан Жумаков Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, Саляновдун сөөгү Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылына коюлду.
Милиция 6-ноябрга караган түнү саат 1:30дар чамасында белгисиз үч адам Улан Саляновдун үйүнө кирип барып, атып кетишкендигин кабарлаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышкерлер ага эки ирет ок чыгарып, андан соң из жашырган. Салянов алган жаракатынан ооруканага жеткирилген соң каза тапкан.