БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукканын КР өкмөттүнүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу 3-ноябрда Исаковдун Ташкент шаарындагы КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган иш-сапарынын алкагында болгон.
Тараптар кабыл алынган чечимдер менен макулдашууларды ишке ашыруунун жол-жобосун, товар айлантуунун көлөмөүн көбөйтүү, өнөр-жай жана айыл-чарба тармагында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулаган.
Исаков өз кезегинде Өзбекстан менен коңшулук достук мамилени өнүктүрүү өлкөнүн артыкчылык берген саясаттарынын бири экенин баса белгиледи.