БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Нарын облусундагы уюштурулган көмүр кампаларында сатылып жаткан көмүрдүн тоннасы Ак-Талаада — 2500-3000 сом, Ат-Башыда — 3300-3500, Жумгалда — 950-2130, Кочкор — 2200-2600, Нарын районунда — 3000-3500, Нарын шаарында 3300-3500 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Облус аймагында элге көмүр сатуучу 68 кампа уюштурулган. Ак-Талаа районунда 13, Ат-Башы районунда 12, Жумгал районунда 13, Кочкор районунда 12, Нарын районунда 15, Нарын шаарында 3 кампа бар.
Жеке ишкерлер тарабынан Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда Турук, Кара-Кече көмүр карьеринен көмүр ташылууда. Ал эми Жумгал, Кочкор, Нарын райондоруна жана Нарын шаарына көмүр Кара-Кечеден алып келинүүдө.
Быйыл кышта Нарын облусуна жалпысынан 55 миң 174 тонна көмүр керектелет. Учурда бюджеттик мекемелер (билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, кесиптик билим берүү) 95 пайызы көмүр менен камсыздалган.