Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. 30-октябрда, дүйшөмбү күнү күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондоруна бир аз жаан жаап, тоолорго кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дүйшөмбүдө борбор калаада күн 22…24 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ош шаарында күндүн табы 23…25 градус жылуу болот.

Чүйдө 20…25, Таласта 19…24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25, Ысык-Көл менен Нарында 13…18 градус градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0