БАТКЕН, 27-окт.— Sputnik. Баткендин Гарым шахтасында ууланып каза тапкан үч киши иштетүүгө уруксат бериле элек көмүр кендерин казышкан. Бул тууралуу Баткен районунун акими Кеңеш Салихов билдирди.
Анын айтымында, аталган көмүр кенине лицензия берилбегендиктен көмүр казууга уруксат берилген эмес.
"Баткен районунда беш көмүр кени болсо, анын үчөөнүн лицензиясы бар. Экөөнө уруксат берилбей турат. Каза болгондорго буга чейин эскертүүлөр берилип келген", — деди Салихов.
Эске сала кетсек, 26-октябрь күнү кечки саат тогуздар чамасында Баткен районунун Самаркандек айыл аймагындагы Гарым участкасында үч адам шахта астында каза болгон. Учурда газга ууланып мертингендердин аты-жөнү такталып экспертиза жүрүп жатат.