Искендер Ормон уулу: эң ыңгайлуу фигура катары Дастан Жумабеков тандалды
Дастан Жумабеков эң ыңгайлуу фигура катары төрагалыкка тандалды. Бул тууралуу "Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин Чыныбай Турсунбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырып, ордуна Дастан Жумабеков шайланды.
"Дастан мырза жаш, өтө көрүнүктүү болбосо дагы абдан активдүү депутат. Шайлоодон кийин Талас элинин көңүлүн алуу түшүнүгү болушу ыктымал. Бардык башкаруу бутактарынын башында тургандар бир партиядан болбошу керек. Кыскасы, бардык жагынан караганда, эң ыңгайлуу фигура катары Дастан мырза алдыга чыкты деп ойлойм", — деди Ормон уулу.
Белгилей кетсек, Чыныбай Турсунбеков спикерликтен кеткен менен саясатта кала тургандыгын айткан.