Абада учууга белсенген кемпирдин чечимин туугандары колдоого алган. Эйла парашют менен небереси экөө секирген.
Кемпир буга чейин бул ирмемдерди көрүүгө жетишпей өтүп кетемби деп кооптонуп жүргөнүн айткан. Бирок ага парашют менен секирүү жакканын айтып, эмдиги жылы, 95-жашында дагы кайталап көрө турганын билдирген.