Учурда аталган жер аянтына De He Co LTD жана "Нарын" ишканалары ээлик кылат.
Эми анын ордуна "Хуалинь" деп аталган 20 кабат мейманкана курулмакчы.
"Нарын" кезегинде, тагыраагы 1980-жылдары абдан белгилүү ресторандардын бири болгон. Ал эми акыркы 10 жылдан бери дээрлик, кароосуз калган.
Ошентип, аны түрттүрүү иши октябрдын аягында башталды.