БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 17…22 градус жылуу болот.
Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн —2…-7, күндүз 2…7, Нарында түнкүсүн —1…-6, күндүз 10…15 градус жылуу болушу күтүлөт.