Жалпы жонунан Улуу жана Кичи Памирден 33 адам келди. Арасында кош бойлуу келин да болгондуктан жалпы 34 деп айтылууда. Алардын 16сы өспүрүм, экөө жеткинчек калгандары ата-энелер. Боордоштор Нарындын Куланак айылына жайгаштырылат.
Журтташтарга гуманитардык жардам жеткирүү жана аларды алып келүүгө барган топтун жетекчиси вице-премьер Чолпон Султанбекова тарыхта биринчи жолу экспедиция максатына жеткенин белгиледи.
Экспедиция менен барган Миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Мамбетованын айтымында, былтыр Кичи Памирде жашагандар 1050 болсо, быйыл 800дөй киши калган. Ал эми Улуу Памирде өткөн жылы 825 адам жашаса, быйылкы эсеп боюнча аймакты 700гө чукул киши байырлап келет.

Памирлик кыргыздар Теңир-Тоонун астанасын атташты. Таңгалган, алдыртан караган жана кызыккан көз караштар. Нарын шаары

Бул оор дөңгөлөктөр ашуу ашып, суу басып келди. Бул автоунаалар тагдырдын тайгүлүк ташы дүйнөнүн башка бир бурчуна алып барып таштаган кыргыздарды түпкү мекенине жеткирди.

Кош келипсиңер, мекендештер, алгач нандан ооз тийгиле! Аларды Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов баштаган 300гө чукул калаа тургундары тосуп алышты

Бул эне жолду карата эмнелерди ойлоп келди экен. Түпкү мекендин тузун татып, абасынан дем алуу өзүнчө бир бакыт болсо керек

Памирлик кыз-келиндер, апалар. Улуу жана Кичи Памирден 33 адам келди. Арасында кош бойлуу келин да болгондуктан жалпы 34 деп айтылууда. Алардын 16сы өспүрүм, экөө жеткинчек, калгандары ата-энелер

Нарындык өнөрпоздор кандаштардын келишинин урматына чакан концерт тартуулады. Алар түн киргенге чейин боордошторду күтүп турганына күбө болдук

Боордоштор аларга бөлүнгөн көңүлдү, Теңир-Тоонун астанасын аттап жаткан учурун мобилдик телефонго да тартып алып жатышты

Нарын Памир кыргыздарын ыр-күү менен тосуп алды

Энесинин жанында отурган бөбөк. Бул баланын эсинде Ала-Тоого келген ирмемдер өмүр бою калса керек

Памирден келгендердин кубанычында чек жок. Ал жакта калгандардын салам дубасын кыргызстандыктарга жеткирип, ыраазычылыктарын айтып жатышты

Кандаштарды алып келүү, паспорт жана виза даярдоо үчүн Афганистандын борбору Кабулдагы Кыргызстандын өкүлү, Тышкы иштер министрлиги жана өкмөт жергиликтүү бийлик менен алты ай бою сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Бул памирлик кыргыз кыз-келиндеринин сыйда, майрамда кие турган жасалгалары. Маалымат үчүн айтсак, былтыр Кичи Памирде жашагандар 1050 болсо, быйыл 800дөй киши калган. Ал эми Улуу Памирде өткөн жылы 825 адам жашаса, быйылкы эсеп боюнча аталган аймакты 700гө чукул киши байырлайт
