БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү эртең менен айрым жерлерде жаан, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас, Ош, жана Жалал-Абадда 18…23, Баткенде 19…24, Ысык-Көл менен Нарында 13…18 градус жылуу болот.
Бишкек шаары менен Ошто күн ачык болуп, 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.