БИШКЕК, 14-окт. – Sputnik. Бишкекте жол тандабас менен кагышып кырсыктаган маршруттук таксинин айдоочусунун канынан героин табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек шаардык Кайгуул милициясынан кабарлашты.
14-октябрь күнү саат 7.30дар чамасында №227 маршрутка менен Toyota Land Cruiser кагышкан.
“Авто кырсыктан кийин маршрутканын айдоочусу медициналык кароодон өткөрүлгөн. Анын колу калтырап, өзүн башкача сезип жатты. Анын канынан героин табылып, кармалды”, — деди маалымат кызматынан.
Факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.