БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы 600 миң сомдук издөө-куткаруу шаймандарына ээ болгондугун ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Бул техникаларды сатып алууга кеткен каражатты өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлчүлүгү бөлгөн.
"Алынган шаймандардын ичинде жел кайык, дрон, эхолот, кыш мезгилинде кийүүчү суучул костюму, дүрбү жана куткаруу арканы бар", — деп айтылат билдирүүдө.
Алынган шаймандардын бардыгы ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.