БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Ырчы Гүлжигит Калыков уулдуу болду. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ырчы тастыктады.
Анын айтымында, жубайы бүгүн эртең менен көз жарган.
"Келинчегим мага уул төрөп берип кубанычымда чек жок. Дарыгерлер азыр экөөнүн тең ден-соолугу жакшы дешти. Учурда биз төрөт үйүндөбүз", — деди ырчы.
Эске салсак, Гүлжигит Калыков 2012-жылы Түркияда өткөрүлгөн "Евразия жылдызы" сынагында баш байгени жеңип алган.