БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Норвегиялык экологдор Сахара чөлүн деңиз суусу жана күн менен жашылдандырууну пландоодо. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул үчүн "Сахаранын токой долбоору" аттуу компания түзүлгөн.
"Максаты — чөлдү деңиз суусу жана күндүн нуру менен жашылдандыруу. Азырынча бул жатта Иорданияда биринчи күнөскана ачтык. Алдыда Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө токой отургузуу үчүн бул технология сатылат деген үмүттөбүз", — деген норвегиялык эколог Bellona Нильс Бёмер (Nils Bøhmer).
Ал чөлгө күнөскана куруу үчүн кийинки жылы инвестор жана ылайыктуу жер табуу керек экендигин кошумчалап кеткен.