БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында болгон жол кырсыгына күбө болгондорду издеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, 2017-жылы 7-октябрда Москва районунун Садовое айылында вице-премьер Темир Жумакадыров кетип бараткан Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабас КамАЗ менен кагышкан. Жумакадыров жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Аны менен чогуу жардамчысы жана айдоочу дагы мерт кеткен. Ал эми КамАЗ автоунаасынын жүргүнчүсү жаракат алган.
Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, КамАЗдын айдоочусу кармалган.
Аталган жол кырсыгына күбө болгондорду милиция 0 (555) 12-37-37, 0 (553) 29-26-26; 0 (312) 63-09-01 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү суранат.