ОШ, 9-окт. — Sputnik. Өзгөндүн Мырзаке айылында эркек кишини унаа коюп каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.
Анын айтымында, окуя 9-октябрга караган түнү Өзгөн — Кара-Кулжа унаа жолунун 12-чакырымында катталган.
"Азият улутундагы эркек кишини унаа коюп кетип, айдоочусу качып кеткен. Жабырлануучу Өзгөн аймактык ооруканасында алган жараатынан улам көз жумду. Маркум Мырзаке айылынын 50 жаштагы тургуну экени аныкталды", — деди Бечелов.
Облустук Кайгуул милиция киши өлүмүнө себепкер болгон айдоочуга издөө жарыялады.