Бишкектин түштүк-батышында 10-октябрда суу болбойт. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекНехватка питьевой воды в новостройках"Арча-Бешик" и "Ак-Ордо"
Нехватка питьевой воды в новостройкахАрча-Бешик и Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэриясы калаа тургундарын таза сууну камдап алууну эскертет

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын түштүк-батышында 10-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай аракеттер "Түштүк-батыш" жана "Гагарин" суу кампаларындагы оңдоо иштерине байланыштуу. Таза суу Лев Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский көчөлөрүндө болбойт.

Суу болбой турчу аймактар:

  • "Ак-Өргө" конушу;
  • "Ак-Ордо" конушу;
  • Ленин районундагы аскер комиссариаты;
  • ИИМдин ОП 36/47 мекемеси;
  • №55 мектеп;
  • "Яшар" ЖЧКсы;
  • №5 мончо;

Ошондой эле "Кока-Кола" ЖЧКсында, "Тамга-Таш ЛТД" ЖЧКсында, "Лина" фирмасында, "Кыргызконьягы" менен "Комбинат" жоопкерчилиги чектелген коомунда суу болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0