БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Аламүдүн районун Лебединовка айылынын мектеп-гимназиясынын 7-классында окуган кыздын кош бойлуу болуп калышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Мурдараак Билим берүү министрлигинин райондук бөлүмү өспүрүм кыздын боюндагы түйүлдүккө 28 жума болгонун маалымдап, аны ата-энеси 12-сентябрь күнү мектептен чыгарып кетишкенин билдирген. Ушул окуядан кийин мектеп директору өз эрки менен кызматынан кеткен.
"Кыздын ата-энеси 22-сентябрда кызын каттоодон өткөрүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылган. Учурда бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси боюнча (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) иш козголду", — деп айтылат маалыматта.
Өспүрүм кыз кимден боюна бүткөнү туурасында азырынча белгисиз.