КР президенти Шавкат Мирзиёев менен тар жана кеңири курамда жолугушуп, 19 документке кол коюлду.
Эске салсак, 2017-жылдын 5-сентябрь күнү Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевди учактын жанынан тосуп алды

Тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын президенти Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барды

Атамбаев "Гуманизм көз карандысыздыгы" монументине гүл коюу аземине катышты

Иш сапардын алкагында эки өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү болду

Көргөзмө Ташкент шаарынын тургундарынын кызыгуусун жаратты

Көргөзмөдөн кийин ондогон миллион долларлык келишимдерге кол коюлган бизнес-форум өттү

Атамбаев Мирзиёевди бир тууганындай көрөрүн билдирди

Тар форматтагы жолугушууда Атамбаев кыргыз жана өзбек эли Кокон хандыгы деп аталган бир мамлекетте жашашканын айтты

Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ынтымагын күчөтө турган бир катар документтерге кол коюшту

Жолугушууларда чек ара, экономика, соода-сатык, транспорттук кызматташуу боюнча маселелер талкууланды

Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевге өзбек тилине которулган "Манас" эпосу тууралуу китепти белекке берди

Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин Мирзиёев менен дагы бир ирет жолугарына ишенерин айтты

Мирзиёев кыргыз президентинин бул жолку сапары тарыхый окуяларга бай болгонун жашырган жок

6-октябрь күнү кыргыз делегациясы Бишкекке кайтып келди