Өзбекстандын борборундагы аэропорттон мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен биринчи айым Раиса Атамбаеваны Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен жубайы Зироатхон Хошимова тосуп алды.
Аларды Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Ташкент шаарынын мэри Рахмонбек Усманов жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов коштоп жүргөн. Ардак кароол катарга тизилип, эки өлкөнүн туулары желбиреп турду.
Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрүп, бир катар маселелерди чечишет.