Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин депутаты болду

Жазылуу
Депутат Нургазы Нишанов "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын башкы директору болуп дайындалгандыктан анын орду бош калган

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Мурдагы ички иштер министри жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын жетекчиси Зарылбек Рысалиев "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нургазы Нишанов "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын башкы директору болуп дайындалгандыктан анын орду бош калган. Анын ордуна партиянын тизмесиндеги кийинки киши депутат болуп келет — ал Рысалиев. Тизме боюнча ал 65-орунда турган

Жаңылыктар түрмөгү
0