Кыргыз-өзбек чек арасынын дагы 40 чакырым жери такталды

© AFP / NIKOLAY DOYCHINOVЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-өзбек мамилелеринде эң талуу маселе чек ара көйгөйү болуп келген

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселелер кандай жүрүп жатканын президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева маалымат жыйында билдирди.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 5-6-октябрда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 5-6-сентябрда келип кеткен.

"Сапардан кийин алгылыктуу жылыштар болуп, беш көзөмөл өткөрүү пункту ишин жандантты. Учурда делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүлөр уланууда", — деди Субакожоева.

Ошондой эле ал эки өкмөт делегацияларынын соңку жолугушуусунда чек аранын 40 чакырмы такталганын белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз-өзбек чек аранын 85 пайызы такталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0