БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү жаандуу аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 6…11, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 9…14, Ысык-Көл менен Нарында 8…13 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-жаап 10 градуска чейин, Ошто 14 градуска чейин жылыйт.