Бишкекте күн 20 градуска чейин жылыйт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 2-октябрда өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Бишкек шаарында күндүз 18…20, Ош шаарында 20…22 градуска чейин жылуу болот.

Ошондой эле Талас өрөөнүндө 20 градус, Ош Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 17… 22 градус жылуу болсо, Ысык-Көлдө күндүн табы 18, Нарында 20 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0