БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Борбор калаада аскага чыгуу боюнча республикалык чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу Facebook иш-чаранын социалдык тармактагы расмий баракчасында жазылган.
Мелдеш 5-октябрдан 8-октябрга чейин уланып, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары катышат.
Чемпионат аталган спорттун түрүн жаштар арасында өнүктүрүү жана өлкөдөгү аскага мыкты чыккан спортчуларды аныктоо максатында уюштурулмакчы.
Спорттук мелдеш Анкара 1/31 көчөсүндө жайгашкан "Экстрим-борборунда" болот.