Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү республика аймагында жаан чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жамгын учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сак болуңуз, үшүк жүрөт. Октябрь айына карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 17…22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 21…26, Ысык-Көл менен Нарында 18…23 градус жылуу болот.

Ош, Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 22…23 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0