БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрь күндөрү Бишкек менен Ош шаарларында Өзбекстандын маданият күндөрү өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Программа боюнча делегациянын Кыргызстанга 5-октябрда келүүсү күтүлүп жатат.
6-октябрда делегация министрликке келет. Күндүз "Октябрь" кинотеатрында "Ойкиз эртаги" тасмасынын көрсөтүлүп, кечинде Улуттук филармонияда искусство чеберлеринин концерти өтмөкчү.
Эртеси маданий иш-чара Ош шаарында уланат. "Сейтек" кинотеатрында өзбек тасмалары көрсөтүлүп, кечки концерт Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына пландалган. Мындан тышкары, эки күнү тең сүрөт көргөзмөлөрү тартууланат.
Өзбекстандын делегациясы 8-октябрь күнү кайтмакчы.