ОШ, 25-сен. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунун 621-чакырымында төрт жаштагы кызды унаасы менен коюп кетип, изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Бечелов аймактык кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, окуя Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында 23-сентябрда саат 16:00дөр чамасында катталган.
"Төрт жашар кыз окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми качып кеткен айдоочу Кайгуул милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, Ош шаарынын Жапалак аймактык кеңешинин жашоочусу экендиги аныкталды. Унаасы айып короого киргизилди", — деди Бечелов.
Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.