БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын БУУнун жыйынына кийип барган көйнөгүн социалдык тармак колдонуучулары шылдыңга алганын РИА Новости жазып чыкты.
Melania shocked many by donning a hot pink Delpozo wool dress, which had voluminous sleeves. pic.twitter.com/BeGiPUGAsG
— Simon Sadbury (@Sai1341) 21 сентября 2017 г.
Бул иш-чарага биринчи айым ачык күлгүн түстөгү жеңи кенен көйнөк кийип барган. Ал кээ бирине үйгө кийген халат сыяктуу көрүнсө, айрымдарына парашют сымал сезилген. Ошондой эле соцтармак колдонуучулары анын көйнөгү иш-чарага дал келбей калганын айтса, башкалары Меланияга ушул сыяктуу кийимдер таптакыр эле жарашпай турганын жазышкан.
Эске салсак, АКШда өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясына башка мамлекет жетекчилери менен бирге Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да катышууда.