БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Чек арачылар "Чалдовар" көзөмөл өткөрүү жайынан бир нече убакыт мурда Жалал-Абаддагы май куюучу бекетке кол салып, издөөгө алынган жаранды кармашты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бишкек-Тараз" каттамасындагы автобустун жүргүнчүлөрүнүн документтери текшерилип жатканда Жалал-Абадда май куюучу бекеттин кассасына кол салган жаран кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Чек арачылардын билдиргенине караганда, 25 жаштагы жаран алагч Казакстанга чыгып, андан ары Россияга кирип кетүүгө ниеттенген.
Кармалган кишини чек арачылар тартип сактоочуларга өткөрүп беришкен.