Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтандын жанында эс алып жаткан шаар тургундары. Архив
Фонтандын жанында эс алып жаткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 25…30, Ысык-Көл облусунда 17…22, Нарында 21…26 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош калаасында күн ачык болуп, 26…28 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0