00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
45 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
12:05
44 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Миңдеген адам катышкан «Жашыл Мурас» өнөктүгү ишке кандай ашууда?
23:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев биринчи жолу БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гуттереш менен жолугушуусу пландалган

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 72-Башкы ассамблеясынын ишине катыша турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абулгазиев президенттин аппарат жетекчисинин 1-орун басары болуп дайындалды
Сапардын алкагында мамлекет жетекчиси ассамблеянын жалпы дебатында сөз сүйлөп, андан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү уран калдыктары боюнча маселе талкуулана турган жогорку деңгээлдеги атайын жыйынга катышмакчы. Аталган иш-чара Кыргызстан, Европа биримдиги жана Европа банкынын демилгеси менен уюштурулуп, анда уран калдыктары сакталуучу жайлар, аларды рекультивациялоо жаатында сөз болот.

2013-жылы Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан атайын резолюция кабыл алынып, уран объектилерин рекультивациялоого даярдык көрүү боюнча ишти илгерилетүү, алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин иликтөө, каржылоо механизмдерин так аныктоого өбөлгө болгон.

"Быйылкы жыйында Атамбаев эл аралык коомчулукту Кыргызстандын аталган көйгөйдү чечүүдөгү ийгиликтери менен маалымдар кылат. Ошону менен бирге эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун кийинки кадамдарын жана кабыл алынуучу жаңы резолюцияны талкуулайт. Андан сырткары, президенттин БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттереш менен жолугушуусу пландалган", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев Башкы ассамблеянын былтыркы жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко бара жатып саламаттыгынын начарлашынан улам Түркиянын Стамбул шаарына конууга аргасыз болгон. Дарыгерлер өлкө башчынын жүрөк аритмиясына кабылганын аныктап, Атамбаев дарылануусун Москва шаарынан уланткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0