Россия президенти Владимир Путин кыргызстандык журналист Сыягүл Караман менен маектешти. Бул Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда эки тараптуу мамилелердин өзгөрүшү тууралуу өлкө башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен болгон берүүнүн алкагындагы алгачкы аңгемелешүү болду.
Казакстан менен АКШда сулуулук сынактары өттү. Кымча бел бийкечтердин сүрөттөрүн ушул эле рубрикадан көрсөңүз болот.
Премьер-министр Сапар Исаков кыргызстандык спортчуларды жабык имараттагы V Азия оюндарына узатты. Жекшемби күнү оюндар расмий ачылып, алгачкы коло медалды жиу-житсу боюнча күч сынашкан Ариет Бекишев алып келди.

Казакстанда жыл сайын өтүүчү "Алматы сулуусу — 2017. Сулуулук энергиясы" аттуу сынак өттү. Баш байге үчүн 400 селки ат салышып, финалга он бийкеч чыкты. Ал эми таажы 17 жаштагы Сабина Азимбаевага буюрду

Франкфуртта эл аралык автосалондун бет ачары болуп өттү. Иш-чара эки жылда бир сентябрь айында ири шаарларда өтүп келет. Алгачкы көргөзмө 1897-жылы Берлинде ачылып, ага болгону сегиз унаа коюлган. Ал эми азыр ага жүз миңдеген адам келет

Кипрдин Никосия аймагындагы качкындар лагерине келген баласы менен көрүшүп жаткан сириялык мигрант

4/20
© Фото / предоставлено Сыягуль Караман
Кыргызстандык журналист Сыягүл Караман РФ президенти Владимир Путинден эксклюзивдүү маек алды. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгү жана чыгармачылыгы, ошондой эле эки тараптуу мамиленин өнүгүшү тууралуу ой бөлүштү

2001-жылдын 11-сентябрындагы каргашаны эскерүү. Түнкү Нью-Йоркто жанган инсталляция

Япониянын Йокогама шаарындагы аквапаркта суу жаныбарларынын шоусу. Суу арстаны паркка келген кызды өөп жатат

"Шаман" унаасынын модели. Москвадагы атайылаштырылган III эл аралык көргөзмө

Мьянма менен Бангладештин чек арасынан өткөн рохинжа аял

Линьи шаарында окуучулар XIX съезддин алдында жагоолордон Кытай Коммунисттик партиясынын желегин жасашууда

Нью-Йорктогу Мода жумалыгында дизайнер Евгения Кимдин шляпа коллекциясын тартуулай турган моделдер

Түштүк америкалык Даниэль Ларюэль батыш Швейцариядагы Молесон чокусунда слэклайн боюнча мелдеште аркандан басып келе жатат

Дональд Трамп Ак үйдө 11 жаштагы Фрэнк Джиаккону коноктоду. Бала президентке резиденциянын айланасында өскөн чөптү чаап берүүнү сунуштап кат жазган. Трамп тестиердин аракетине абай салып, аны колдоп турду

Франциянын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккандардын бири

Казанда "Гонки героев" чемпионатынын суперфиналына катышкан кыз

Москва күнүнө арналган майрамдык салют

Фотомодель Жоанна Крупа жаныбарларды циркте пайдаланууга каршы өткөрүлгөн акцияга катышты. Митинг Лондондо парламенттин маңдайында өттү

Кытайдын Ляочэн айылында кочкорлордун урушу

Индиянын Тамилнад штатынын фермерлери Нью-Делиде нааразылык акциясына чыгышты. Алар айыл чарба насыясынын жеңилдетилишин жана түшүмдү камсыздандырууну талап кылышууда. Акцияга митингчилер өсүп кеткен карыздарынан улам өмүрү менен кош айтышкан жер иштетүүчүлөрдүн баш сөөктөрүн көтөрүп келишкен

"Америка сулуусу — 2018" титулу Түндүк Дакотадан келген Кара Мундга ыйгарылды

Премьер-министр Сапар Исаков кыргызстандык спортчуларды жабык имараттагы V Азия оюндарына узатты. Өкмөт башчы менен селфи
