БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын өлкө жетекчиси Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшкөнүн мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүү учурунда Мирзиёев Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишине ийгилик каалады. Мындан тышкары, эки президент жетишилген макулдашуулардын ишке ашуу жолун жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгүн 61 жашка толду.