БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Милиция жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке ыргытып кеткен аялды издөөдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бейшемби күнү эртең менен милицияга Бишкектин Киркомстром районунун тургуну чалып, таштанды урнасында ымыркайдын сөөгү жатканын кабарлаган.
Буга байланыштуу шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш ишин козгоду.