ОШ, 10-cен. — Sputnik. Ош — Бишкек унаа жолунун 657-чакырымында үч автоунаа кагышып, анын кесепетинен бир аял каза болуп, тогуз жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Бечелов аймактык кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, Honda Accord, Mercedes-Benz жана Opel үлгүсүндөгү үч унаанын айдоочулары Кара-Cуу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз Чек айылында бирин-бири озуп өтүүгө аракет кылышкан.
"Анын кесепетинен үч автоунаа кагышып, андан Ош облусунун жашоочусу 50 жаштагы аял окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми тогуз жүргүнчү ар кандай жарааттар менен облустук ооруканага жеткирилген", — деди Бечелов.
Ал жол кырсыгына кабылгандар Ноокат, Араван жана Ноокен райондорунун жашоочулары экенин кошумчалады.