НТВ каналындагы "Ты супер!" балдар шоусу кыргызстандык жаш ырчыларды чакырат

© Sputnik / Илья ПиталевНТВ каналындагы "Ты супер!" балдар шоусу
НТВ каналындагы Ты супер! балдар шоусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ты супер!" — оор турмушка кабылган жана ата-эненин камкордугусуз калган балдарга арналган долбоор

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. НТВ телеканалы Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу менен биргеликте эл аралык "Ты супер!" вокалдык сынагынын экинчи сезонуна кастинг башталганын жарыялайт.

Иш-чара ата-эненин камкордугусуз калган таланттуу балдарга жардам берип, чоң сахнаны көздөй жасалган алгачкы кадам жасоого колдоо көрсөтөт.

Оор турмушка кабылып, же ата-эненин камкордугусуз калган 7 жаштан 18 жашка чейинки кыргызстандык балдар үчүн эшик ачык.

Кастингге катышуу үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 707-950-459 WhatsApp-номерине же b.mamyrkulov@sputniknews.com дарегине видео жөнөтүү керек. Кененирээк маалымат алуу үчүн +996 555-950-459 номерине чалсаңыз болот.

1. Ким экенин (аты-жөнү, жаш курагы, жашаган шаары жана статусу: балдар үйүндө/интернатта/башка үй-бүлөдө/бирөөнүн камкордугунда жашайм) айтып берген видео, жана баланын аткаруусундагы бир нече чыгарма. Сынактарда ырдаган видеосу болсо да жарайт.

2. Толтурулган билдирмени тиркеп жөнөтүү

Музыкальное шоу Ты супер! на НТВ - Sputnik Кыргызстан
Sputnik агенттиги "Ты супер!" шоусунун катышуучуларына сыйлык тапшырды
НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун "Ты супер" долбоору ата-энесиз калган балдарга өздөрүн көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. Ага Россия, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Эстония жана Түштүк Осетиядан келген таланттар катышат.

Биринчи тандоо турунун жыйынтыктары 2018-жылдын кыш айында белгилүү болот.

Эске салсак, "Ты супер!" балдар музыкалык сынагынын премьерасы 2017-жылдын 11-февралында НТВ телеканалынан көрсөтүлгөн. Биринчи эфирден тарта долбоор популярдуу шоу программага айланган. Балдардын вокалдык талантын өнүктүрүүгө калыстар тобу жардам берген. Алар: ырчы Ёлка, "Мираж" тобунун мурдагы солисти Маргарита Суханкина, продюсер Виктор Дробыш жана аткаруучу Стас Пьеха. Ошондой эле катышуучуларды тележурналист, ТЭФИ сыйлыгынын ээси Вадим Такменев дагы колдоого алган.

"Ты супер!" долбоорунун финалисттери беделдүү эл аралык сынактарга жана музыкалык иш-чараларга катышышты: Валерия Адлейба менен Евгений Бойцов "Детская новая волна" музыкалык сынакта таланттарын тартуулашты. Ал эми Кирилл Есин "Детское Евровидение" сынагына катышса, Виталий Толочкин "МУЗ-ТВ" телеканалынын сыйлык тапшыруу кечесинде ырдаган.

"Ты супер!" конкурсунун бардык финалисттери "Республика ШКИД" мюзиклинин катышуучулары боло алат. Ал эми 31-декабрда балдар теле көрүүчүлөрүнө "Супер Новый год на НТВ" шоусунда куттуктоо сөзүн айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0