БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Челябинск облусундагы токойдон кечээ жоголуп кеткен наристе кыз табылды. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волкко шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Анын айтымына караганда, 3-сентябрь күнү ИИМдин Кунашакс району боюнча бөлүмүнө Султанов айылынын тургуну үч жашар небереси 2-сентябрь күнү сыртка чыккан бойдон табылбай калганын маалымдаган.
Натыйжада атайын кызматтын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар издөө салган.
Жекшемби күнү полиция кызматкери менен жергиликтүү тургун наристени токойдон таап алышты. Учурда наристени медицина кызматкерлери кароодон өткөрүп жатат. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.