БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бүгүн "HALAL EXPO KG 2017" жарманкеси жыйынтыкталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Белгилей кетсек, адал продукция менен кызматтардын VII жарманкеси 1-сентябрда Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде башталган.
Жарманкеге Кыргызстанда жана чет мамлекетте "Адал" стандарты боюнча сертификациядан өткөн соода маркалары катышып, Малайзия, Россия жана Казакстандан дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер чакырылган.
Иш-чара Курман айттын урматына уюштурулган.