БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-5-сентябрь күндөрү кыргыз-кытай чегиндеги "Эркеч-Там" өткөрүү пункту жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай аракет Курман айттан улам кытай тараптын демилгеси менен ишке ашууда.
Көзөмөл жайынын иши 6-сентябрдан баштап жанданат.