БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Шаардын Бөкөнбаев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бир үйдүн алдындагы балдар аянтчасынан жаш келиндин сөөгү табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбөлөр билдирди.
Шаар милициясы бул кабарды тастыктап, Свердлов РИИБине маалымат шаршемби күнү 6.40та түшкөнүн айтты.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 25-30 жаштардагы аялдын сөөгүн табышкан. Алгачкы кароодо анын зомбулук көргөнү байкалган жок", — дешти милициядан.
Учурда маркумдун ким экени аныкталып жатат.