Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКол чатырчан адамдын архивдик сүрөтү
Кол чатырчан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Шаршемби күнү тоолуу райондордо күн себелеп, калган аймактарда ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Борбор шаар менен Ош калаасында жамгыр жаабайт. Күн 35 градуска чейин ысыйт", — деп жазылат маалыматта.

Чүй, Талас өрөөнүндө 28…33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 30…35, Ысык-Көл менен Нарында 24…29 градус жылуу болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0