"Ош электр" ишканасына бирдиктүү терезе ачуу учур талабы болчу. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Талгат Алиханов билдирди.
Эске сала кетсек, "Ош электр" ишканасы кардарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында бирдиктүү терезе бөлүмүн ачкан эле.
Бул бөлүм жарандардын электр кубатына байланыштуу кайрылууларын, көйгөйлөрүн ыкчам жана жеринде чечүү мүмкүнчүлүгүн түзүү, жардам көрсөтүү үчүн ачылган.
"Буга чейин жарандар маселесин чечүүдө бюрократиялык көйгөйлөргө кабылчу. Анын арты менен убакыт кетирип, тоскоолдуктар жаралып келген. Ушундан улам бирдиктүү терезе ачуу талабы курч болчу. Учурда жарандар жаңы өзгөртүүлөргө акырындык менен көнүп жатышат", — деди Алиханов.
Шаар тургундары бирдиктүү терезе бөлүмүнө 03656 8 50 86 номуру аркылуу кайрылса болот.