Кыргызстан — Мьянма футболчуларынын оюнуна билеттер сатыла баштады

Жазылуу
Беттеш 5-сентябрь күнү шаардык стадиондо өтөт

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Мьянма футбол командаларынын оюнуна билеттер сатыла баштаганын Футбол федерациясы билдирди.

Азия кубогу — 2019 таймашынын тандоо турунун алкагындагы оюн 5-сентябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат.

Федерация билеттердин баасын да айтып берди:

  • стадиондун түштүк тарабы — 250 сом;
  • чыгыш тарабы — 350 сом;
  • батыш тарабы — 500 сом.

Стадиондун кассалары күн сайын саат 11.00дөн 19.00гө чейин иштейт.

Кыргызстан Макао, Индия жана Мьянма курама командалары менен бир тайпада. Буга чейин улуттук команда Макаону 1:0 эсебинде утуп, индиялыктардан 0:1 эсеби менен жеңилип калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0