БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 21-августта борбор калаанын Улан кичирайонунда, Адрахманов, Профессор Зима, Баялинов, Белинский, Мир, Шота Руставели, Славянский, Юдахин, Табалдиев, Серпуховский, Месароша, Токтогул, Манасчы Сагынбай, Исанов, Манас, Жаманбаев, Айни, Белгород көчөлөрүндө саат 9.00дөн 17.00гө чейин жарык өчөт.
Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу Чүй облусунун Шопоков шаарында, МТФ-2 жаңы конушунда, Лесхоз, Васильевка, Полевой, Виноградный, Прибойный, Гавриловка, Шалта, Кашка-Баш, Селекционный, Достук, Манас, Төш-Булак айылдарында 9.00дөн 17.00гө чейин, Кара-Балта шаарынын Токтогул, Новороссийский, Шопоков, Целинный, Пограничный, Чехов, Фурманов көчөлөрүндө, Алексеевка, Кызыл-Аскер, Мээнеткеч, Алга, Бурана, Калыгул, Жаңы-Жол айылдарында 8.00дөн 17.00гө чейин электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.
Андан сырткары, 9.00дөн 18.00гө чейин Үч-Эмчек, Кичи Ичке-Суу айылынын айрым көчөлөрү менен Кара-Балта шаарынын Ковровщиков кварталы 8.00дөн 12.00гө чейин жарыксыз калат.