БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Эл аралык тренер Тамара Ра телегейи тегиз эркекти кантип таап, ага кантип турмушка чыгуу керектигин үйрөтүп жатканын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.
Ал мындай сыры менен Астанада аялдар менен жолукканда бөлүштү.
"Эгер сиз телегейи тегиз, кыялыңыздагы эркекке турмушка чыккыңыз келсе, өзүңүз да кынтыксыз болушуңуз керек. Ал үчүн эмне кылуу керек экенин билесизби? Жооп жөнөкөй: жаштык кездеги ден соолукту сактаңыз", — деди Ра.
"Дүйнөдөгү эркектер менен аялдар өз мүмкүнчүлүктөрүнүн 5 же ашып кетсе 10 пайызын гана колдонот. Бирок сиздин ден соолугуңуз 20 эсе бекем, келбетиңиз 20 эсе сулуу ошондой эле бай жашай аласыз", — деп Ра кошумчалаган.
Аялдар тренеринин айтымында, укмуштуудай үлпөт той өзүнүн үстүнөн иштеген, сулуулугун сезе билген аялдарда болот. Ал үчүн эң башкысы ден соолукка көңүл бөлүү зарыл. Ра муздак сууга маал-маалы менен чайынып туруу адамдын энергиясын арттырып, акыл-эсин тунук кыларын эскертет.