БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Жума күнү салкын аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй өрөөнүндө 21…26, Таласта 20…25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 24…29, Ысык-Көл жана Нарында 18…23 градус жылуу болот.
Бишкек шаары менен Ош калаасында жамгыр жаап, 28 градус жылуу болушу күтүлөт.